Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кызыл-Кыяда 2 өспүрүм аккумулятор уурдап кармалды

09.12.2021 09:55
3646
Кызыл-Кыяда 2 өспүрүм аккумулятор уурдап кармалды



Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы А.Б. аттуу тургуну милицияга үйүнүн жанында токтотуп койгон КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаасынан белгисиз бирөө 32000 (отуз эки миң) сом болгон аккумляторун чечип кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдайт.


Маалыматка ылайык, арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КБРне Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталган. Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Кызыл-Кыя шаар аймагынан Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын 15 жаштагы М.Н. жана Чаувай айылынын 15 жаштагы А.Н. аттуу тургундарын аныктап кармашты.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кармалган жарандар жеңил акча табуу максатында Портер үлгүсүндөгү унаалардын аккумляторун уурдап, сатып жүргөндүгү да белгилүү болду.


Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн