Бугу 04, 2024
Убакыт: 16:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кызыл-Кыяда 33 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү зордуктап, денесине жараат келтирген

11.08.2022 11:31
817
Кызыл-Кыяда 33 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү зордуктап, денесине жараат келтирген



      Ноокат районунун тургуну 33 жаштагы Б.А. Кызыл-Кыя ШИИБне келип, 2022-жылдын 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ата” борбордук базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага мурда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын билдирип арыз менен кайрылган. 

   

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей,   бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

   

  Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 2022-жылдын 9-август күнү кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБне алынып келинди.

   

 Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн