Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл-Кыяда акыркы коңгуроо майрамына карата жыйын болду

26.05.2022 16:28
867
Кызыл-Кыяда акыркы коңгуроо майрамына карата жыйын болду


   

      Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында жергиликтүү милициянын начальниги милициянын полковниги Нурлан Буркановтун демилгеси менен чоң жыйын өткөрүлдү.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Жыйынга шаар аймагындагы мектеп директорлору, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ата-энелер комитеттери, шаар мэри А.Маткалыков, билим берүү бөлүмүнүнүн жетекчиси Д.Матосмоновалар катышты.

 

   Жыйында шаар аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу талкууланып, 9-июнда өткөрүлүп жаткан акыркы коңгуроо майрамы, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүү кечелеринде укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка жол бербөө багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле мектеп мугалимдеринин мыйзамсыз акча жыйноо, кафе-ресторандарда иш-чара өткөрүүгө, мектеп окуучулары өз алдынча тоолорго, экскурцияларга чыгууга, кымбат унааларды жалдап алышып кортеж уюштуруп сейилдөөгө тыюу салынганы боюнча жергиликтүү милиция эскертүүлөрдү берди. 


     Эгерде шаар аймагында жогоруда тыюу салынган көрүнүштөр болсо, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринде көрсөтүлгөн жазалар ата-энелерге да колдонууларын, ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экенин билдиришип, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көзөмөл күчөтүүлөрүн белгиленди. 


     Кызыл-Кыя шаар аймагында жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган 2 уурулук, 2 тоноочулук катталып бети ачылган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн