Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл-Кыяда курамында баңгизат камтыган өсүмдүктү өстүргөн жаран аныкталды

22.08.2022 16:55
834
Кызыл-Кыяда курамында баңгизат камтыган өсүмдүктү өстүргөн жаран аныкталды

Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу үйүндө баңгизат камтыган өсүмдүктү мыйзамсыз өстүрүп жүргөнү аныкталды. Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтын негизинде 2022-жылдын 21-август күнү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп,  жергиликтүү тургун үйүндө  баңгизат каражаттары камтыган өсүмдүктү мыйзамсыз өстүрүп  жаткандыгын аныкташкан. 

 

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 1-бөлүмүндө  (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү)  көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен  кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын "С" аттуу жашоочусу аныкталды. Азыркы күндө соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн