Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:37
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери сууга түшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

15.06.2022 14:28
422
Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери сууга түшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кызыл-Кыяда милициянын көчмө кабылдамасы сууга чөгүүнүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча эскертмелерди илип жатышат. Кооптуу жерде жашаган тургундарга жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча 15 эскертүү актылары берилди.


Ошондой эле күндүн ыссыгында өз алдынча сууга түшкөн жаш өспүрүмдөргө коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Жыл башынан бери Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдүн сууга чөккөн фактысы катталган эмес.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн