Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 12:45
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кызыл-Кыяда милициянын көчмө кабылдамасы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

06.07.2021 10:13
842
Кызыл-Кыяда милициянын көчмө кабылдамасы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Кызыл-Кыя ШИИБнин милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагында жашаган тургундарга эпидемияга байланыштуу короновирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кызыл-Кыя шаарындагы чоң базарларда, бассейиндерде элдер көп чогулуп, санитардык эрежелердин нормаларын сактоо бир топко солгундап кеткен. Ар бир жаран өз ден соолугуна кам көрүүсүн, ошондой эле эл көп топтолгон базарларда сумкаларына, акчаларына, баалуу буюмдарына сак болуусун милициянын көчмө кабылдамасынын үн чыгаруучу каражаты аркылуу элдерге эскертүүлөр берилүүдө.


Ошону менен бирге калк арасында көйгөйлүү маселелерин угуу максатында милициянын көчмө кабылдамасы арыз-кайрылууларды кабыл алууда. Июнь айы ичинде 22жолу шаар ичин кыдырып, 751 атуул милициянын көчмө кабылдамасы менен баарлашып, 6 арыз КЖБРге катталып, чечимдери чыккан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн