Бугу 11, 2024
Убакыт: 11:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кызыл-Кыяда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

22.04.2022 09:24
399
Кызыл-Кыяда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Милициянын көчмө кабылдамасы жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


     Кызыл-Кыя ШИИБнин милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен шаар аймагындагы Кара-Козу, Дворец, Южный, Северный, Разъезд-61 участкаларында жана борбордук Таштемир-Ажы соода базарынын алдында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте шаар жашоочуларынын арасында жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин үрп-адат каада салт, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчиликтерди болтурбоо боюнча ошондой эле, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларына жол бербөө жана алдын алуу боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” жарлыгын жашоочуларга кайрадан жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

   

  Эл менен жолугушууларда жогорудагы көрүнүштөр байкала турган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылуу жагы эскертилип алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Аны менен биргеликте Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан коюлган талаптарды максаттуу аткаруу багытында жер-жерлердеги жашоочулар арасында кылмыштуулуктун, мал уурулук, батир уурулуктардын жана укук бузуулардын алдын алуу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү багытында жеринде элдерди кабыл алып көйгөйлөрүн угуп тийиштүү иш- чаралар өткөрүлдү.

   

   Милициянын көчмө кабылдамасы 5 ооз эки кайрылуу кабыл алып, Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) боюнча 26 протокол толтуруп, айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн