Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 02:20
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

14.08.2024 13:16
555
Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан улам, "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдардын алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы (иш жүзүндө шаардын борборундагы) баасы 15 млн сомдон ашкан коомдук тамактануу жайы бар, аянты 0,10 га социалдык маанидеги жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана курулмаларды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу фактыларын аныктоого багытталган иштерди улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн