Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кызыл-Кыяда үйдүн эшигин бузуп кирип, акча уурдаган эки жаран кармалды

20.12.2021 17:37
516
Кызыл-Кыяда үйдүн эшигин бузуп кирип, акча уурдаган эки жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Ушул жылдын ноябрь айынын аяк чендеринде белгисиз адамдар Кызыл-Кыя шаарынын Кыргыз көчөсүндө жайгашкан  67жаштагы Х.М.ге таандык турак үйдүн эшигин бузуп киришип, 50000 (элүү миң) сом, Өзбек валютасындагы 500000 (беш жүз миң) сум акчасын, ичинде 40000 (кырк миң) сом болгон пенсиондук банктык картасын, ошондой эле алтын буюмдарын уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. 

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын  19жаштагы А.С. жана мурда сот жообуна тартылган 20жаштагы М.М.аттуу тургундары аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн