Теке 20, 2025
Убакыт: 17:20
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

Кызыл-Кыяда жол тандабасты айдап качууга шектелип 18 жаштагы бала кармалды

04.04.2024 09:32
951
Кызыл-Кыяда жол тандабасты айдап качууга шектелип 18 жаштагы бала кармалды


Кызыл-Кыяда жол тандабасты айдап качууга шектүү 18 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну 30-март күнү таңга маал короосуна токтотуп койгон "Лексус-330" маркасындагы автоунаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге каттоого алынып, КР Кылмыш жаза-кодексинин "Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган унаа 31-март күнү Ноокат районунун Көк-Жар айылынын ээн талаасынан табылган. Ал эми автоунааны таштап изин жашырып кеткен жаранды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 18 жаштагы мурда соттолгон П.Ж.аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн