Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кызыл-Суу автономиялуу районунда «Манас» эпосун пропагандалоого өзгөчө көңүл бурулат

24.03.2023 10:02
2441
Кызыл-Суу автономиялуу районунда «Манас» эпосун пропагандалоого  өзгөчө көңүл бурулат

КЭРдин ШУАРга жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу районуна барып, Кытайдын этникалык кыргыздарынын маданий мурастары менен таанышты.


Артыш шаарындагы кыргыз элдик музейине жана Улуу-Чат ооданы маданий музейине баруу учурунда Элчиге КЭР ШУАР этностук кыргыздарынын турмуш-тиричилигинин, маданиятынын жана искусствосунун сакталып калган атрибуттары көрсөтүлдү.


Ошондой эле коноктордун алдында манасчыдан, комузчулардан жана элдик ырчылардан турган Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу округунун белгилүү элдик чыгармачыл жамаатынын катышуусунда спектакль уюштурулду.


Белгилей кетсек, Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу округунун аймагында 160 миңге жакын этникалык кыргыздар жашайт. ШУАРдын жетекчилиги тарабынан маданий мурастарды сактоо жана көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрүн, каада-салттарын жана үрп-адаттарын көрсөтүү максатында «Манас» эпосун пропагандалоого жана кеңири жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн