44 жаштагы Самара Айтбосунова Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында коронавирус илдети менен күрөшкөн “кызыл зонада” санитарка болуп иштейт. Алган маянасы болсо айына 3000 сом. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары Фейсбукка жазышты.
Алардын айтымдарында, Айтбосунова суткасына 24 саат иштейт. Азыркы тапта 5 күндөн бери үйүнө бара элек. Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер дарыланып жаткан чатырда иштеп, жашайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн