Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кызмат абалынан пайдаланып алдамчылыкка барганы үчүн “Кадастрдын” мурдагы жетекчиси кармалды

22.11.2023 16:31
280
Кызмат абалынан пайдаланып алдамчылыкка барганы үчүн “Кадастрдын” мурдагы жетекчиси кармалды


Кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык аракеттерге барганы үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын март айында А.С.К. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин (мамлекеттин балансында турган Байтик-Батыра көчөсүндөгү Орто-Сай айылындагы жер тилкесин) сатып алууну сунуштаган.

Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында А.С.К. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн