Пенде
Кыйын күн, боло калса мага келген,
Кыйналдым, жардам бер ага - деген.
Колумдан келишинче жардам берип,
Колтуктап, колдон алып турган элем.
Кыйла жыл алпурушуп тагдыр менен,
Кыйын күн менде деле болду терең.
Көбүнүн, кийин көрдүм анык жүзүн,
Көргөндө, салам бербей баса берген.
Асан Турсункулов
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн