Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кочкор районунун "Хан" аттуу "положенеци" уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты

26.12.2022 10:10
443
Кочкор районунун "Хан" аттуу "положенеци" уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты


Кочкор районун "Хан" аттуу "положенеци" уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


УКМК органдары тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо "положенец" катары "Хан" каймана аты менен белгилүү болгон Чигентаев Алмаз Курманбекович, 1988 ж.т., Кочкор районунун тургуну, коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айтты. 


Ошону менен бирге, мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.


"Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар:

КР УКМК Нарын облусу боюнча Башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05;

КР УКМК Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88",- деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн