Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кочкордо күйөөсү аялына бычак сайып, андан соң өз жанын кыйган

19.07.2022 10:04
552
Кочкордо күйөөсү аялына бычак сайып, андан соң өз жанын кыйган


Кочкордо күйөөсү аялына бычак сайып, андан соң асынып алган. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-июль күнү саат 06:00 чамасында Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну 1989-жылы туулган Ш.Ж менен жолдошу 1979-жылы туулган Э.Р. үйүнөн өз ара уруша кетип, Э.Р. аялы Ш.Жга бычак сайган.

Натыйжада Ш.Ж. денесинен жаракат алып, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми Э.Рны издеп табуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, ошол эле күнү ал Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчада асынган абалда табылган. Өлүккө сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери жок болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн