Бугу 07, 2024
Убакыт: 11:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Көчмө камералар кайсы көчөлөрдө орнотулган? (даректери)

07.10.2021 09:56
773
Көчмө камералар кайсы көчөлөрдө орнотулган? (даректери)

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) "Автокайгуул Радар II" аппараттык-программалык көчмө комплекстери коюлган жерлердин Бишкек менен Чүйдөгү даректерин жарыялады.


ЖКККББ радарлардын ордун ар эки ай сайын жолдун авария көп болгон жерлерине которуп турат. Көчмө комплекстер эртең мененки саат 7:00дөн 20:00гө чейин иштейт.


Чүй облусундагы даректер:


Айланма жол, Бишкек — Нарын — Торугарт — 11-чакырымдан 88-чакырымга чейин;

Лебединовка, Ленин проспектиси;

Бишкек — Нарын — Торугарт — 6,6дан 33-чакырымга чейин;

Бишкек — Нарын — Торугарт — 35,6дан 39-чакырымга чейин;

Бишкек — Нарын — Торугарт — 41ден 66,8-чакырымга чейин;

Бишкек — Нарын — Торугарт — 71-чакырым;

Бишкек — Нарын — Торугарт — 74,7ден 100,5-чакырымга чейин;

Бишкек — Нарын — Торугарт — 106дан 108,5-чакырымга чейин;

Бишкек — Кордай — 6,4төн 14-чакырымга чейин;

Бишкек — Күнтуу — Шалта — 5тен 17,5-чакырымга чейин;

Бишкек — Ош — 10,1ден 13,6-чакырымга чейин;

Алматы — Бишкек — Ташкент — 251-чакырым;

Петровка — "Нарзан" булагы — 7ден 14-чакырымга чейин;

Кепер-Арык — Сосновка — Кызыл-Дыйкан;

Бишкек — "Ала-Арча" жаратылыш паркы — Кашка-Суу айылы;

Лебединовка — Айланма жол — ГЭС-5;

Биримдик Кут конушу;

Бишкек — "Чалдыбар" посту — 71-чакырым;

Төмөнкү Ала-Арча конушундагы Киргизская көчөсү;

Бишкек — "Манас" аэропорту — 19-чакырым.


Көчмө комплекстердин Бишкектеги даректери:

Боталиев, 242;

Арча-Бешик конушундагы Садырбаев көчөсү;

Ак-Өргө конушундагы Барпы Алыкулов көчөсү;

Профсоюзная көчөсү;

Лев Толстой;

Жибек жолу, 291;

Жибек жолу, 71;

Байтик баатыр, 14;

Ахунбаев — Көпүрө базар;

Кожобергенов;

Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүнүн Курсант менен кесилишкен жери;

Көк-Жар конушундагы Достоевский көчөсүнүн "Улан" лицейи менен кесилишкен жерде;

Ауэзов, 41;

Тоголок Молдо, 273 жана 249;

Күйүкова, 42а;

Масалиев көчөсүнүн Бакаев менен кесилишкен жери;

Фрунзе, 83.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн