Көк бөрү боюнча президенттин кубогу болжол менен ноябрь айында өтөт. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине 8-сентябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көк бөрү боюнча мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы атмайданда өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара жыл сайын 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүп келген. Өлкөдөү эпидемиялык абалга байланыштуу мелдеш күз мезгилине жылдырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн