Бугу 10, 2024
Убакыт: 17:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Көк бөрүдөгү жаңжал. Ош облусунун башчысынын орун басары кыргыз элинен кечирим сурады

02.09.2023 11:13
970
Көк бөрүдөгү жаңжал. Ош облусунун башчысынын орун басары кыргыз элинен кечирим сурады


Ош облусунун башчысынын орун басары Эрнист Толтоев облус тургундарынын атынан көк бөрү боюнча финалдан кийин Төлөйкөн ипподромунда болгон башаламандыктар үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.


Ош шаардык кеңешинин депутаты Таластын «Ынтымак» командасынын капитанына ат тапшырганы такталган. Чогулган активисттер, спортчулар жана бийлик өкүлдөрү мындай окуялар кайталанбоого, Кыргызстан ынтымакта болууга чакырды.


Ал арада Талас облусунун ички иштер башкармалыгы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун боюнда бара жаткан Ош облусунун тургундарын токтотуп, сабап кеткен төрт жергиликтүү тургун кармалганын билдирди. Алар аймактар ​​аралык араздашууну козуткан деп шектелүүдө.


Эске салсак, Ош облусунун “Төлөйкөн” ипподромунда “Достук” жана “Ынтымак” командаларынын көк бөрү боюнча президенттик кубогунун финалы жаңжал менен аяктаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн