Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Көк бөрүдөгү жаңжалга байланыштуу бешөө камакка алынып, 65 жаран суралды

04.09.2023 13:54
300
Көк бөрүдөгү жаңжалга байланыштуу бешөө камакка алынып, 65 жаран суралды


Көк бөрү боюнча финалдан кийин Төлөйкөн ипподромундагы тополоңдон кийин милиция 65 адамды суракка алган. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Тогуз адамга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козголгону көрсөтүлгөн. Кара-Суу райондук сотунун чечими менен беш адам эки айга камакка алынды, сот бүгүн убактылуу кармоочу жайда жаткан төрт адамдын баш коргоо чарасын тандайт.


Калган 56 адамга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлдү. Алар бошотулган.


Милиция тополоңго катышкандарды аныктоо үчүн окуя болгон жерден видеотасмаларды изилдөөнү улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн