Бир жылы кыркынга ысык-көлдүк эки кыркымчы келди. Ал кезде ошентип башка облус, бөлөк район менен тажрыйба алмашуу болуп турчу. Экөө биздегиден башкача эреже менен кыркышар эле. Бир жолу биздин кыйын кыркымчы Нуралы байке менен тиги экөөнүн толмоч келген кыйыны кой кыркып жарышып кетти. Баарыбыз жабалактап карадык. Бирок Нуралы байке андан утулуп калды. Башкалар канча болду билбейм бирок ал үчүн мен катуу ардандым. «Машинкасынын тарактары курч болбой калды окшойт..., эми бир жарышып көрүшсө, атаңгөрү...!» деп турам кыпылдап. Мага кичинемде Нуралы байкеден күчтүү киши жоктой сезилчү. Бирок кайра мелдеш болгон жок. Бир күнү жумуш бүтүп, кечки чайды ичкен соң, эшикте боз үйлөрдүн ортосунда олтуруп, ошол уткан кыркымчы бизге Көлдөгү болгон окуядан айтып берди.
- Илгери бир киши капыстан ай талаадан жайылган төөгө туш болуп, бир кезде арасындагы буура төөсү аны кубалап жөнөйт. Буура төө жинигип кубалачу болсо кимди болсун өлтүрмөйүн тынбаган анты болот дешет экен. Анысын жакшы билген киши бар амалын салып качып олтурат. Анын бактысына ал чөлкөм одур-бодур, аң-чуңкурлуу жер болот. Бир кезде өзүнүн боюндай болгон кууш чуңкур туш болуп ошонун ичине секирип түшөт да бүрүшүп олтуруп калат. Буура төө оозу кенедей чуңкурдун ичине жете албай, эмне кылаарын билбей аны айланып туруп калат. Ошондо көгөргөн буура төөгө эмне амал киргенин сурабайсызбы? Төө адеп тизелеп чөгөт да, алп денеси менен баягы чуңкурдун оозун бүтөп капталынан жатып алат. Аз өтпөй түбүндөгү кишиге аба жетпей думуга баштайт. Ошондо чуңкурда калган киши курундагы канжарын алып төөнүн капталын тешкилеп кирет. Бирок көктүгүн салган төө ордунан козголбойт. Жаны көзүнө көрүнгөн киши бууранын алп денесин бырчалап, кескилеп жиберет. Кан үстүнө шаркырайт. Төө дале козголбойт. Адам пенде акыркы күчү калганча канжар шилейт. Төө жаныбар былк этпейт. Адампенде аба жетпей, канга чөмүлүп жан берет. Адамдын өлүмүн өчөгүшүп тыңшап жатып кайран буурага да эми ордунан турганга кеч болот… Ошо менен экөөнөн тең жан учуп, карга-кузгун, ит-кушка жем болушат. Экөөнүн айыгышкан айбатын кеч келген мергенчилер элге аңыз кылат…
Айлуу түндө маңдайдагы Шар-Суу менен Сандыктын аскаларын карап олтуруп, буура төө менен думугуп өлгөн жолоочуну элестетип, жүрөгүм Семиздин ташка урунган суусунан бетер дүкүлдөп чыккан эле...
Жеңишбек Эдигеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн