Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Колледждерде окуу үчүн 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмөлөрдү тапшырышты

04.08.2020 16:46
920
Колледждерде окуу үчүн 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмөлөрдү тапшырышты


Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча 22 миңден ашуун абитуриент колледждерде окуу үчүн өтүнмөлөрдү тапшырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 1-турдун жыйынтыгы боюнча министрлик тарабынан атайын иштелип чыккан системада https://spuz.edu.gov.kg/ 22 070 өтүнмө катталды. 3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштайт. 3-6-августта – абитуриенттер окожго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.


"Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыкоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат. Документтердин түп нускаларын студенттер окождорго окуу жылдын башында бериши керек", - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн