Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коменданттык саат: Дүкөн, дарыкана, банктар гана иштейт

24.03.2020 15:40
1228
Коменданттык саат: Дүкөн, дарыкана, банктар гана иштейт


Коменданттык саат учурунда азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар, банктар жана тиричилик кызматтары иштей берет. Бул тууралуу 24-мартта Бишкек шаарынын комендантты Алмаз Орозалиев билдирди.


Анын айтымында, коменданттык саат учурунда адамдардын жана автоунаанын кыймылы толук токтойт. Милиция жана медицина кызматкерлерине гана чектөө коюлбайт.


24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.


Буга байланыштуу аталган аймактарда кечки саат сегизден эртең мененки жетиге чейин коменданттык саат күчүндө болот.


Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн