Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коменданттык сааттын экинчи күнүндө 241 тартип бузуу катталды

27.03.2020 09:03
857
Коменданттык сааттын экинчи күнүндө 241 тартип бузуу катталды

 

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда киргизилген коменданттык сааттын экинчи күнүндө 241 тартип бузуу катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады.


Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 241 жаран жеткирилип, 12 автоунаа токтотулган. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 146, Ош шаарында 22, Жалал-Абад шаары 24, Сузак району 29, Кара-Суу районунд 20, ал эми Ноокат району боюнча тартип бузуулар каталган эмес.


Жалпысынан алганда эки күндүн ичинде өлкө аймагында 561 жаран кармалган. Алгачкы күнү коменданттык сааттын тартибин бузган 320 киши кармалган.


ИИМ “Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамга ылайык тартипти бузууга жол берген адамдар коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн