Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңешке Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунуштамасы келип түшкөн.
Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети маселени карап чыгып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
Айрым депутаттар Башкы прокуратуранын сунуштамасын депутаттардын баарына тараптып берүүнү талап кылышууда.
Пикирлер (1)