Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Комитет вице-премьерликке Аида Исмаилованын талапкерлигин колдоду

01.04.2020 16:03
1109
Комитет вице-премьерликке Аида Исмаилованын талапкерлигин колдоду


Аида Исмаилованы вице-премьер-министрлик кызматына, Сабиржан Абдикаримовду саламаттыкты сактоо министрлигине  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдоду.


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты.  


Эскерте кетсек, бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулган. 


Буга чейин өздүк булактар "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине вице-премьер-министрлик кызматка “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталып жатканын кабарлаган эле.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн