Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коммуналдык чарба департаментинин башчысы Н.Касымовго иштен кетүү сунушталды

15.09.2020 10:52
567
Коммуналдык чарба департаментинин башчысы Н.Касымовго иштен кетүү сунушталды


Бишкек шаардык турак жай жана коммуналдык чарба департаментинин башчысы Нурлан Касымовго кызматынан кетүү сунушталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, мэр Азиз Суракматов мэриянын жыйынында сүйлөп жатып шаардык кызматтарды санариптештирүүнүн жүрүшүнө нааразы экендигин билдирди. 


Ал Бишкектин тургундарына шаардык кызматтар менен өз ара аракеттешүү кыйын болуп жатканын, бирдиктүү санариптештирүү жок экенин, муниципалдык кызматтар жарандар үчүн  кыйынчылык жаратып жатканын кошумчалады. Мындан улам  турак жай жана коммуналдык чарба департаментинин башчысы Нурлан Касымовго кызматынан кетүү сунушталды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн