Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 05:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Көмүр ташыган ар бир унаадан 1000 жана 500 сомдон алып турган мамкызматкерлер кармалды

03.03.2021 11:26
4583
Көмүр ташыган ар бир унаадан 1000 жана 500 сомдон алып турган мамкызматкерлер кармалды

2021-жылы 2-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын кызматкерлерин, ошондой эле Транспорт министрлигинин алдындагы "Турускул" салмак жана өлчөмүн көзөмөлдөө пунктунун инспекторлорун кармашкан.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кармоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинде (коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлдү.


"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын кызматкерлери унаанын бир бирдигине тоскоолдуксуз жүктөө үчүн ар бир айдоочудан 1000 (бир миң) сомдон алышканы аныкталды.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15376 жүк ташуучу унаа жүктөлгөн.


2020-2021-жылытуу мезгилинде  унаалардын саны 22199 түздү, натыйжада эки жылытуу мезгилинде "Кыргызкөмүр" ишканасынын кызматкерлери негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашты.


Каражаттарды алуунун ушундай схемасы "Турускул" салмак-габариттик көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан да уюштурулган, анда аныкталган эреже бузууларды жашыргандыгы үчүн, айрыкча ташылган көмүрдүн салмагы ашкандыгы үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон өндүрүлгөн.


Тергөө-оперативдик иш-чаралардын натыйжасында, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Турускул" салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле бул укук бузууларга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн