Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Көмүрдүн баасы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынат

03.11.2022 18:22
272
Көмүрдүн баасы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынат

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.


Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.


Мындан улам жана “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренесине, “КР Министрлер Кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизүү чечими кабыл алынды.


Буга катар Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн