Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Көмүрдүн күлүн кайра иштетүү менен кандай пайда тапса болот?

11.07.2024 11:14
183
Көмүрдүн күлүн кайра иштетүү менен кандай пайда тапса болот?


Көмүр кыргызстандыктардын үйүн жылытуучу негизги сырье. Бирок, көмүрдүн иси абанын булганышынын башкы себепчиси. Жакынкы жылдары көмүрдөн баш тартуу мүмкүн болбогондуктан, анын күлүн кайра иштетүү зарылчылыгы келип чыгууда.


Өлкөбүздө абанын булганышынын 62%ы жер тамдардан чыгып, абага тараган күлдүн исине туура келет. Ал эми күлдөр төгүлгөн жайларга, ЖЭБден чыккан күлгө 28%. Бишкектеги күз-кыш жылытуу мезгилине жылына болжолу менен 3 миллион тонна көмүр керектелсе, 27 миң тонна күл атмосферага тарайт. Ал эми 350 миң тонна күл төгүлүүчү жайларга барат. Учурда Бишкек ЖЭБден чыккан күлдүн өлчөмү 1,6 миллион тоннаны түзүп, ал 192,7 гектар жерди ээлейт. 


Күлдүн айлана-чөйрөгө жана ден соолукка тийгизген таасири 


Көмүрдүн күлү кооптуу делген таштандылар классификациясынын ичинен 4-класска кирет. Бизде аны жөн гана ачык жерге төгүп коюшат. Бул өз кезегинде абага тарап, жерге сиңип, адамдардын ден соолугуна гана эмес, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирет. 


Күлдүн жана көмүрдүн чаңындагы оор металлдар абаны булгайт: 

-- чаңдар шамал аркылуу абага тараганда;

-- күлдү жолго төккөндө.


Суунун булганышы:

-- күлдүн курамындагы сымап абага тарап, кайра жаан-чачын аркылуу жерге сиңгенде метилртутка айланып, анын уулуу сапаттары бир нече эсеге көбөйөт, адамдын ден соолугуна терс таасир этет;

-- күл төгүүчү жайлар жер астындагы жана үстүндөгү сууларды булгайт.


Топурактын булганышы:

-- топуракка сиңген күлдүн курамындагы оор металлдар менен мышьяк нормадан 20 эсе көп болот;

-- абадагы элементтер өсүмдүктөргө сиңип, андан топурак өтөт.


Өрт коопсуздугу 


Бишкектин инфраструктурасын жакшыртуу жана өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык, үйдөн чыккан күл суу менен өчүрүлгөн соң, санитардык полигонго жеткирилиши керек. Жарандар үйүнөн чыккан күлдү туш келди таштабоосу зарыл. Экологдордун эсептөөлөрүнө ылайык, 1 тонна көмүрдү иштетүүдөн айлана-чөйрөгө 21$ чыгым келет. Эгерде Кыргызстан бир жылда сарптаган көмүрдүн көлөмүн эсептесек, чыгым 50 миллиард долларды түзөт.


Күлдү кантип кайра иштетсе болот? 


Индияда көмүрдүн күлү толугу менен кайра иштетилет, андан курулушта колдонулуучу кыштар жасалат. Казакстанда күлдөн бетонго кошулуучу микросфера (бетонго кошулучу зат) алышат, кошуна мамлекет аны өздөрү эле колдонбостон чет өлкөлөргө да сатышып, пайда көрүшөт. Ал эми АКШда күлдүн 43%ы иштетилип, цементке кошулат. 


 Кыргызстан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, күлдү кайра иштетсе болот, андан:

-- ичүүчү жана агынды суу түтүктөрүн тазалоочу коагулянт (химиялык реогент);

-- курулуш иштеринде колдонулуучу кыштарды жасаса болот;

-- жол салууда жана үй курууда шагылдын ордуна пайдаланса болот. 


Кыргызстан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, күлдү иштетип, андан каражат таап, ал эми күл төгүүчү жайларды кайра калыбына келтириши зарыл экенин эксперттер белгилейт. Кыргызстан 2006-жылы июль айында БУУнун туруктуу органикалык булгоочу заттар тууралуу Стокгольм конвенциясына мүчө болуп кирген. Ага ылайык, мамлекет адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири бар ишкана же өндүрүш таштанды калдыктарын азайтып же токтотушу керек. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн