Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

“Комуз күнүнө” арналган “Таңшы комуз” аттуу ​ маданий ​ иш-чара өттү

10.09.2021 07:55
1938
“Комуз күнүнө” арналган “Таңшы комуз” аттуу ​ маданий ​ иш-чара өттү


Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында 9-сентябрь “ Комуз күнүнө ” арналган “ Таңшы комуз” аттуу ​ маданий ​ иш-чара өттү.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаардык мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен биргеликте өткөрдү. 


Майрамдык күнгө Бишкек шаардык​ Маданият башкармалыгына караштуу Кыргыз Республикасынын эл артисти жетектеген эл аспаптар оркестри, “Акак” комузчулар​ ансамбли жана Бишкек шаарындагы​ М.Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын, П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин, ошондой эле шаардык искусство мектептеринин талантуу окуучуларынын катышуусунда өттү.


Иш- чарага ​ Кыргыз Республикасынын ​ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, куттуктоо сөзүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев сүйлөдү. Анда жалпысынан Комуз​ күнүнүн ​ негизделиши, анын кыргыз маданиятындагы орду өзгөчө белгиленди.


Андан соң Маданият министрлиги тарабынан атайын даярдалган белектер жансыз аспапка тил бүтүрүп, комузда кол ойнотуу менен дүйнө элин таң калтырган өнөр ээлери СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакуновага, Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Амановага, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери таланттуу комузчу Намазбек Уралиев жана Анара Эсенгуловага тапшырылды. 


Ошондой эле, иш- чаранын алкагында Маданият министрлиги тарабынан ишинде артыкчылык көрсөткөн өнөр адамдарына "Маданияттын мыкты кызматкери " төш белгиси, Ардак грамоталар, ошондой эле буга чейин “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу уюштурулган теле -сынактын жеңүүчүлөрү сыйланып, дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.


Майрамдык күн 150 жаш комузчунун аткаруусундагы комуз күүсү жаңырып, концерттик программа менен коштолду.


Эске салсак, быйыл “Комуз күнү” үчүнчү ирет белгиленип жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн