Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Конституциялык сот төрага боюнча УКМКнын айыптоосуна жооп берди

09.12.2023 10:20
209
Конституциялык сот төрага боюнча УКМКнын айыптоосуна жооп берди


Конституциялык соттун маалымат кызматы төраганын туугандары менен чет жакка сапарлары боюнча УКМКнын айыптоосуна жооп берди.


"Чет элдик иш-чаралардын уюштуруучулары катышуучулар кааласа жакындары менен келе алышат деп алар үчүн өзүнчө маданий программа уюштурушат. Бирок аларга акыны катышуучулар өздөрү төлөйт. Чакыруу каттары электрондук документ жүгүртүү системасында катталгандыктан, аларды ачууга болбойт", — деп жазылат билдирүүдө.


Соттун маалымат кызматы териштирүү аягына чыгып, фактылар аныкталганга чейин эрте баа берүүдөн жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырган.


Буга чейин УКМК Конституциялык сот жана башка кызматтагы судьялардын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, жакын туугандарын чет өлкөгө чыгаруу максатында пайдаланышканын билдирип, бул боюнча иш козголгонун маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн