Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Конституцияны иштеп чыгууга салым кошкон Султанбек Табалдыев каза тапты

15.05.2020 15:07
963
Конституцияны иштеп чыгууга салым кошкон Султанбек Табалдыев каза тапты


Инженер-конструктор, убагында «Аалам КББ» ААКны жана  «Дастан» ТУК ААКны жетектеген, Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Табалдыев Султанбек Раимбекович 78 жашында катуу оорудан кийин каза болду.

С. Р. Табалдыев 1943-жылы Кыргыз ССРинин  Пржевальск шаарында туулган. 1967-жылы В. И. Ульянов (Ленин) атындагы Ленинград электротехникалык институтун бүткөндөн кийин өзүнүн эмгек жолун СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Өзгөчө конструктордук бюросунда инженердик кызматтан баштап, анын директору — башкы конструкторуна чейинки жолду басып өткөн. Анын түздөн-түз жетекчилиги астында КИИ ӨКБда космос мейкиндигин изилдөө үчүн бир катар уникалдуу приборлор түзүлгөн.

1996-жылы С. Р. Табалдыев коргоо жаатындагы ири завод — «Дастан» ишканасын жетектеп, анда татыктуу эс алууга кеткенге чейин иштеген. Ошол мезгилдерде  «Дастан» чыгарган буюмдар биздин республиканы эл аралык аренага тааныткан. Ал СССРдин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ болгон. Мындай адамдар саналуу гана болот.

С. Р. Табалдыев «легендардуу парламенттин» белгилүү депутаттарынын бири болгон. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга жана көз карандысыз Кыргызстанды куруунун тарыхый чечимдерин кабыл алууга активдүү катышкан.

Табалдыев Султанбек Раимбекович кесипкөй, талапты кое-билген жетекчи, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү болгон.

Табалдыев Султанбек Раимбековичтин жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз.

 С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, Д. А. Эсеналиев, К. А. Боронов, Э. Ш. Асрандиев, У. З. Ормонов, С. А. Кылжыев, Э. К. Осмонбетов, А. Ж. Жумагулов, М. Ш. Шеримкулов, У. К. Чыналиев, М. К. Жангарачева, М. Керимкулов, А. Э. Суракматов, ж. б.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн