Бүгүн түнү активист Нурбек уулу Камчы кармалды. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов Фейсбук баракчасына жазды
"Бүгүн түнү "Конституцияга каршы" ишине эч тиешеси жок инибиз Нурбек уулу Камчыны кармап кетишти деген маалымат алдык. Адвокаттар издеп жатат, азырынча табыла элек...
Өлкөдөгү бардык юристерди, жарандык коомду, саясий жана коомдук ишмерлерди, жалпы элди бизге болгон кысым боюнча көңүл буруп, карап турууңарды суранам. Бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы чыккандардын коопсуздугу коркунучта...", деп билдирүү калтырган Молдокматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн