Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Конституциянын жаңы долбоорундагы алешемдиктер жоюулабы?

04.03.2021 11:05
627
Конституциянын жаңы долбоорундагы алешемдиктер жоюулабы?


Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алып беришти. Сессияга жалпысынан 96 депутат катышса, анын 87си колдоп, тогузу гана каршы болду.


Албетте, дал ушундай колдоо болору күтүлгөн эле жагдай болчу. Себеби, буга чейин деле парламент депутаттары жогорку бийлик тараптан кандай варианттагы мыйзамдын долбоору жактырылып жатса, аны көпчүлүк добуш менен колдоп берип келишкен. Бул жолу деле ошондой көрүнүш кайталанды. Болгону баягы эле чырылдап ачуу чындыкты айткан 5-6 депутат өзгөчөлөнө алды.


Мисалы, эл өкүлү Жанар Акаев бул Конституциянын долбоору өтө чоң мыйзам бузуулар менен кабыл алынып жатат деген оюн айтты. «Мыйзамдын долбоорун колубузга беришти. Ал жерде сексенден ашуун депутат «автор» деп жазылып турат. Бирок, алардын ким экени белгисиз. Компьютердеги версиясында да жок. Долбоорду талкуулаганга чейин авторлор тууралуу маалыматты бериңиздер. Алардын ким экенин эл билиши керек», - деди ал.


Ал эми депутат Рыскелди Момбеков: «Силер референдум жөнүндө мыйзам долбоору деп туруп Баш мыйзам боюнча мыйзам долбоорун киргизип жатасыңар. Бир да депутаттын колу жок. Мына Бөрүбашевдин колу менен кирди. Инструкциясы менен кирди. Инструкция менен Конституция кабыл алынбайт. Комитеттен чыккандан кийин бир да депутаттын колу жок кирди. Автор делген 80 депутаттын фамилиясы жок», - деди.


Депутаттар Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип жатпаганын, ал толук жаңыланып жатканын айтышып, мындай учурда аны кабыл алуу процедуралары өзгөртүү учурунан такыр башка жолдор менен ишке ашуусу талапка ылайыктыгын билдиришти.


Депутат Каныбек Иманалиев Конституциянын долбоорун кабыл алууда бир катар мыйзам бузуулар болуп жатканын, анын ичинде Конституциялык палатанын корутундусу да жок экенин айтты. «Конституциялык палатанын корутундусу жок кантип Конституцияны өзгөртө алабыз? Алар Конституцияны кайтарып турган чек арачы. Биз айтып жаткан талаш маселенин кайсынысы туура экени боюнча Конституциялык палата гана жооп айта алат. Парламент жооп айта албайт, бул жакта ар түрдүү пикир гана болушу мүмкүн. Конституциялык палата корутунду чыгаргандан кийин гана парламент алып чыга алат», - деди ал.


Булардан тышкары депутаттар Дастан Бекешов, Наталья Никитенко, Ирина Карамушкина дагы Конституциянын жаңы долбоорун шашылыш өткөрүп жиберүүдөн аркага кайтуу керектигин айтышты.


Баарынан кызыгы, ушул жаъы долбоорго «автор» дегендердин арасында болгон эки депутат Чынара Урумкалиева жана Айгерим Бешимбаева ага автор эмес экендиктерин айтып, документтеги кол тамгаларын чакыртып алышты. Демек, «автор» деп саналган 80 депутаттын дагы бир тобу өздөрүнүн «автор» экенинен кабары жок болуп калуулары да мүмкүн.


Конституциянын жаъы долбоору тууралуу парламент депутаттарынан тышкары башка коомдук ишмерлер да тынчсызданган пикирлерин айтууда. Мисалы, экс-депутат Исмаил Исаков Конституциялык нормалар бузулуп жатканын, жаңы Конституцияны кабыл алууга укуктук нормалар жол бербей турганын жана Конституциянын бул долбоорунда тең салмактуу, көз карандысыз бийлик бутактары түзүлбөгөнүн маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирген. «Бүгүн чукул кабыл алуу зарылдыгы жок. Жаңы президент эски норма менен шайланды. Эски Конституция иштеп жатат. Мындай шартта жеке бийликти күчөткөн жаңы Конституцияны кабыл алуунун кереги жок эле. Азыркы бийликтин, эгер оңдойм деген жакшы ниети болсо, элге берген убадасын аткарам десе , чындап эле тарыхта реформатор болуп калам десе мен айткан баптарды өзгөртүп, убакытты созуп койсо болмок. Эл да таанышып, пикирин айтышы керек. Жогорку Кеңеш 9-мартта экинчи, үчүнчү окуудан өткөрөт дегенди сайттан окуп калдым. Болбойт да. Шашып кайда барабыз?», - дейт ал.


Чын эле ашыкча шашуунун кажети барбы? Мурдагы эле адаттар менен парламентте шашылыш кабыл алдыртып, анан шашылыш референдумга алып чыгып, кабыл алдырта коюу менен кайрадан нааразычылыктардын күчөшүн жаратып албайбызбы? Бир жолу жаза баскан жолубузду кайра-кайра кайталап баса берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? Андан көрө, шашылбастан, кең-кесири талкуулап, айтылган сунуштарды эске алуу менен ийленип бышкан Конституцияны кабыл алсак кандай болот? Ушуну бүгүнкү үлкөндөр эске ала алабы?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн