Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Конституциянын жаңы структурасы Султан Сулаймандын диванына окшоп калган

17.02.2021 21:14
676
Конституциянын жаңы структурасы Султан Сулаймандын диванына окшоп калган

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы долбоорунда өлкөнү башкаруу функциялары туура эмес бөлүштүрүлгөн деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 17-февралда парламентте Конституциянын жаңы долбоору талкуулоодо айтылды.


Вице-президенттик кызмат, классикалык формасында, эгер мисалга Американы алсак, ал Сенаттын жетекчиси. Ал президентке тең тайлашкан адам. Силер өзүңөрдүн Конституцияңарда ал президент түзө турган администрацияга караштуу болорун жазыпсыңар. Ошол мамлекеттерде вице-президентти парламент кошо дайындайт. Сиздер көрсөткөн структура султан Сулаймандын диванына көбүрөөк окшоп калган”,- деди эл өкүлү.


Баш мыйзамдын жаңы долбоорун түзүп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме 2,5 ай иштеп, документти парламентке өткөрүп берди. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев алардын ишин жалпы коомдук талкуу катары кабыл алуу керектигин, талкуу ачык жүргөнүн айтты.


Бул жерде эч кандай талаш-тартыш болбошу керек. Бул - элдин эрки. Эч кандай талаш-тартыш болбошу керек. Анткени бул – элдин эрки, ал мыйзамдан да жогору турат. “Бүт баарын президентке берип койдуңар” деген сөз туура болбойт”, -деди ал.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн