Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 08:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Консулдук кызмат департаментинин 1-катчысы Марлен Калиев дүйнөдөн кайтты

14.07.2020 08:52
1352
Консулдук кызмат департаментинин 1-катчысы Марлен Калиев дүйнөдөн кайтты


Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин 1-катчысы Калиев Марлен Бектурсунович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.


Ал дипломатиялык кызмат органдарынын системасында 2006-жылдан баштап иштеген. Май айында ал 45 жашка толгон.  


Марлен Калиев эмгекчилдиктин, максатка умтулуунун жана кесипкөйлүктүн үлгүсү катары кесиптештеринин элесинде түбөлүк калат.


Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана дипломатиялык кызмат органдар системасынын ведомстволук уюмдарынын жамааты маркумдун бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн