Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Коомчулук зомбулукка каршы митингге чыкты (Видео)

5-апрелде Бишкектин чок ортосунан уурдалган кыз 7-апрель күнү кечинде талаадан жансыз денеси табылды.

Уурдалган Айзада Канатбекованы 36 жаштагы жаран уурдап барып муунтуп өлтүрүп андан соң өзүн өлтүргөн. Бул окуяга байланыштуу депутаттар, өкмөт башчы баш болуп билдирүү таратты. 27 жаштагы кыздын чуулгандуу өлүмү коомчулуктун милицияга болгон нааразылык күчөттү.


 8-апрелде ИИМдин имаратынын алдында зомбулукка каршы митинг өттү. Митингге чыккан жарандар Ики иштер министринин жана Бишкек ШИИББдин башысынын отставкасын талап кылышты. Андан соң митингилер Өкмөт үйүнүн алдына барышып, президенттин жана өкмөттүн чыгышын талап кылышты. Аларга өкмөт башчы Улукбек Марипов чыгып окуя кылдат иликтенерин айтып, күнөлүүлөр жазаланарын билдирди. Андан соң митингге чыккан жарандар тарап кетишти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн