Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коомдук жай, имараттарга видеокамера орнотуу каралган мыйзамга кол коюлду

23.06.2022 09:07
392
Коомдук жай, имараттарга видеокамера орнотуу каралган мыйзамга кол коюлду


Президент Садыр Жапаров “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сз кызматы билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 11-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам республиканын бардык аймактарында тышкы видеобайкоо тутуму менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү, бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча, тышкы видеобайкоо тутумун түзүүгө тийиш болгон тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн