Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Республикада 18 жашка чейинки 2,5 млн бала бар. Көпчүлүгү эркектер

01.06.2020 13:28
1001
Республикада 18 жашка чейинки 2,5 млн бала бар. Көпчүлүгү эркектер


2020-жылдын башына карата Кыргызстанда курагы 18 жашка толо элек 2 миллион 456 миң бала катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.


Малыматка ылайык, 2 миллион 456 миң баланын (51%) эркек балдар. 2019-жылга салыштырмалуу 75 миң балага же 3%га көбөйгөн.

 

2020-жылдын башында катталган жалпы балдардын саны:

 

45%- 7 жашка чейинки бөбөктөр (1 миллион 115 миң адам);

42% - 7-14 жашка чейинки өспүрүмдөр (1 миллион 30 миң адам);

13% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (311 миң адам).


Ал эми балдардын көпчүлүгү (68%) айыл жергесинде жашайт.


2019-жылы 174 миң бала төрөлгөн, анын 89 миңи эркек балдар болсо, 85 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн