Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Көптөгөн куралдын түрлөрү, жардыргыч зат, атайын техника. «Үмүт и Ко» ишканасынын тең ээсин мыйзамсыз курал жана жардыргыч заттарды сактоо боюнча кармалды

Көптөгөн куралдын түрлөрү, жардыргыч зат, атайын техника.  «Үмүт и Ко» ишканасынын тең ээсин мыйзамсыз курал жана жардыргыч заттарды сактоо боюнча кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн «Үмүт и Ко» жоопкерчилиги чектелген ишкананын тең ээси, 1970-жылы туулган А.Ж.Т. аттуу жаран камалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.


Тинтүү ишинин жүрүшүндө иш бөлмөсүнөн жана жана жашаган жеринен брондолгон чалгындоо жана күзөт унасы, түрдүү курал-жарак, көп сандаган ок-дары, жардыруучу зат жана акча каражаттары табылган.


Атайын кызмат ишкердин күнүмдүк турмушунда дайыма аскердик форма кийип, дайыма агрессиялык көрүнүшөргө жакын экендигин белгилеген.


Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


Кармалган ишкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн