Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коргонбай уулу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө мыйзамды артка кайтарды

24.05.2022 17:33
917
Коргонбай уулу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө мыйзамды артка кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу депутат жана аткаминерлердин эмгек өргүүсүн узартуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, ЖКнын аппарат жетекчисинин атына эки мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгаруу боюнча Коргонбай уулунун колу коюлган кат келген. Бири эмгек өргүү, экинчиси мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга коюунун мөөнөтүн 15 күнгө кыскартуу (учурда бир ай) тууралуу.


"Аппарат жетекчисинин тапшырмасынын негизинде 20-май күнү Жусупбек Коргонбай уулунун эки мыйзам долбоорун сайтыбызга коомдук талкууга чыгарганбыз. Ал эми бүгүн депутаттын атынан кайра ал демилгелерди артка чакыртып алуу боюнча кат келди. Мындан улам документтер сайттан өчүрүлдү", — деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн