Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Коронавирус: Демонстранттар карантиндик чектөөлөрдү алууга өкмөткө 48 саат убакыт берди

25.01.2021 08:30
526
Коронавирус: Демонстранттар карантиндик чектөөлөрдү алууга өкмөткө 48 саат убакыт берди

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде коронавирустун алдын алуу максатында киргизилип жаткан карантиндик чектөөлөргө каршы акция болуп өттү. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазды. 


Демонстранттар өкмөт үйүнүн алдына топтолуп карантиндик чектөөлөрдү алууну сунуштаган.

Бейөкмөт уюмдар, оппозияциялык партиялар жана туризс секторунун кызматкерлери өкмөттү коронавирус менен эффективдүү күрөшө албай жатканын сынга алды. 

Алар коменданттык саатты алууну, кышкы эс алуу жайларын жана кафе, ресторандарды ачууну, ошондой эле коомдык транспорттордун кадимки шартта иштөөсүн талап кылышты. 


Акция аягында демонстранттар өкмөткө 48 саат убакыт берип, бул убакыт ичинде алардын талабы аткарылбаса аймактарда да каршылык акцияларын улантарын айтышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн