Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавируска кабылган Ибраим Нуракун уулу ооруканадан чыкты

28.06.2020 13:28
1080
Коронавируска кабылган Ибраим Нуракун уулу ооруканадан чыкты


Коронавирус аныкталган Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ооруканадан чыкты. Ал Covid-19 инфекциясын жеңип чыккандыгын социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды. 


Анын айтымында, ал Токмок шаарындагы ооруканада 9 күн дарыланган. 


"Ооруканада орунду ээлебей, мындан ары үйүмө барып жатмак болдум, Доктурлар уруксат берди. Эки күндөн кийин анализим чыгат. Таза чыгат деп үмүттөнүп жатам. Себеби, жыт сезүү кайтып келди, көк жөтөл басылды. Ата-энелерибиз, карыяларыбыз ылайым эле аман-эсен болсун. Жаштар үчүн коронавирус сасык тумоодой эле жеңил өтөт экен. Коркпоңуздар! Менден көп досторум эмне дары ичтиң деп сурап атышат. Жөн гана жөтөлдүн дарысын ичтим. Эң негизгиси башкаларга жугузбай обочо дарыландым. Палата бошоду, муктаж адамдарыбыз дарыланып, алардын да ооруну жеңип чыгышын тилейм!",  - деп жазган ал. 


Буга чейин өкмөттүн Аппаратынын 26 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталганы жана Президенттик аппараттын  17 кызматкери дагы илдетке чалдыкканы маалымдалган. 


28-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 235 учуру катталдыМуну менен республика боюнча коронавирус жуккан адамдардын саны 4748 болду. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн