Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президенттик аппараттын жетекчисинен жана 9 кызматкеринен COVID-19 чыкты

27.06.2020 14:03
1152
Президенттик аппараттын жетекчисинен жана 9 кызматкеринен COVID-19 чыкты


Президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды, анын катарында Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев дагы бар. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Президенттик аппаратта жалпы 17 адам илдетке чалдыкты.


"Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери  ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык", - деп айтлат маалыматта. 


Буга чейин Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталганы маалымдалган. 


Андан кийин президенттин аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастылганы айтылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн