Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды

06.02.2020 10:58
663
Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды


Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ)маалымдады.

Маалыматка ылайык, Москвада жашап, иштеп жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун тургуну «Кыргызстанда коронавирус катталды» деген чагымчыл материалдарды WhatsApp жана башка соцтармактар аркылуу таратып жүргөн.

 Иликтѳѳ иштерин ИИМдин өкүлдөрү Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кызматы менен биргеликте жүргүзүшкөн.

Иликтѳѳнүн жыйынтыгында, ал Москвада кампалардын биринде иштээри белгилүү болгон. Ага туура эмес маалымат таратканы үчүн жазага тартылары эскертилген. 

Эскерте кетсек, коомчулукту кооптондурган «коронавирус Кыргызстанда катталды» деген билдирүүлөр WhatsApp жана социалдык түйүндөр аркылуу тарап, ИИМ мындай жалган маалыматка ишенбөөгө чакырган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн