COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 937 567 адамга жетти. Бул тууралуу окумуштулар иштеп чыккан онлайн картада жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде 80 миңге жакын жаңы учурлар катталган. Илдетке чалдыккандар эң көп АКШда катталды 216 721 адам, андан кийин 110 574 жагдай Италияда, үчүндө 104 118 адам менен Испания.
Ал эми, илдетти жеңгендер 194 311 адамга жетти. Кытайда 76 426, Испанияда 22 647, Германияда 18 700 бейтап оорудан айыккан.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус илдетинен 5 адам айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн