Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен ооругандарга 1324 койка-орундук даярдалды. Бул тууралуу 30-апрелдеги брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.
Алардын ичинен:
COVID-19 илдетинин оор түрү үчүн интенсивдүү койка-орундук – 153.
Облустар боюнча:
Бишкек шаарында – 204 (интенсивдүү койка-орундук – 32);
Ош облусу – 475 (интенсивдүү койка-орундук – 55);
Жалал-Абад облусу – 260 (интенсивдүү койка-орундук – 12);
Баткен облусу – 114 (интенсивдүү койка-орундук – 20);
Нарын облусу – 95 (интенсивдүү койка-орундук – 15);
Ысык-Көл облусу – 176 (интенсивдүү койка-орундук – 19).
Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктургандар 746 адамга жетип, алардын 462си илдеттен айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн