Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирус, сага рахмат!

02.04.2020 15:24
795
Коронавирус, сага рахмат!


Бул сөзүм үчүн оорудан жапа чеккен бардык адамдардан алдын ала кечирим сурайм. Силер биз үчүн курмандык болдуңар. Биздеги күнөөлөр үчүн Жараткан силерди тандап алган экен. Бизди кечиргиле.


Коронавирус, сага рахмат! Сен бизге замбирексиз эле согуш ачтың. Сени менен күрөшүү үчүн бардык улуттар, диндер, өлкөлөр бириктик. Дүйнөнү бириктиргениң үчүн сага рахмат. Сени менен күрөшүп атып жер жүзүндө жашаган бардык адамзат бир нерсени түшүндү: көрсө адамзаттын тагдыры бир Колдо экен. Күн баарына нурун тегиз чачып, Түн баарына бирдей коркунуч алып келерин унуткан экенбиз. Көзгө көрүнбөгөн коркунучтуу илдетиң менен көзгө көрүнбөгөн улуу Заттын бар экенин эске салдың.


Коронавирус, сага рахмат! Сен биздин чыныгы инсандык деңгээлибизди таразага салып койдуң. Ата-эне катары биз канчалык ордубуз бар экенин эми билдик. Төрт дубалдын ортосунда кан-жаныбыздан жаралган балдарыбыз менен мынчалык чогуу калган эмес элек. Мына сага, чыныгы жүзүбүз эми билинди. Балдарыбыз кандай таалим-тарбия менен өсүп атканын, кимди үлгү тутарын сен болбосоң биз кайдан билмекпиз. Көрсө, балдарыбыздын үлгү туткан кумири эчак эле биз болбой калган экенбиз. Ар кимге акыл үйрөтүп, сын тагып жүрүп өз балабыздын тарбиясын унуткан экенбиз.


Коронавирус, сага рахмат! Сен биздин кандай жубай экенибизди да эске салдың. Көп жылдан бери чогуу жашаган өмүр шеригибиз менен эзели мынчалык чогуу болгон эмеспиз. Эми гана маңдай-тескей отуруп, жүрөк сырларын бөлүшүп атабыз. Турмуштун ысык-суугуна чыдап, тукумубузду улап келе жаткан эн кымбат адамыбызга кандай мамиле жасоо керектигин такыр унуткан экенбиз.


Коронавирус, сага рахмат! Сен бизди кыска аралыкта санарипке өткөрдүң. Көп жылдан бери акча коротуп, санарипке өтө албай келгенбиз. Буюрса, сенин шарапатың менен санарип өлкөгө айланабыз.


Сага рахмат, коронавирус. Сен эми рахматты уккандан кийин акырын сапарыңды жыйынтыкта. 15-апрелден тартып биз тазалыкты, тарбияны, өз ара мамилени, кала берсе санарипти да сенсиз эле улантып кетебиз. Бизге жетиштүү болду.


Тургунбай Алдакулов

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Ильязбек
Агай ар бир созунуздо чындык бар.Эн негизгиси барыбыз аман бололу.
Байгазы
Тургунбай агай,абдан сонун ой толгоо болуптур,чынында ушундай, эң мыкты
Айчурок Исаева
Бул бардык пенделерге болгон кайрылуу болуптур,ар бир окуган адам оз чабыты менен анализдеп корду деп ойлойм...бир жагы бул рахмат Коштошуу миссиясы болуптур,ооба дуйнону токтотуп,табигат да ух деп эс ала тушконун,баарынан Жан деген таттуу экенин билдирген аналитика болуптур,эми коштошуп козго корунбогон мейкиндикке кетип туболук жоголсун, бирок эй Адамзат озуно кел,акылына кел,пейилини ондо деген сигналдын келишин сездик бекен,рахмат жакшы жазыптырсыз,Тургунбай Абдирасулович