Коронавирус табылган 26 кишинин 14ү кичи ажылыкка Сауд Аравиясына барып келгендер болсо, 12си вирусту умрадан келгендерден жуктурган. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:
Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада;
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында;
Ноокат аймактык ооруканасында;
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында;
Баткен облустук бириккен ооруканасында;
Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн